Айжигитовдун фракциядан чыгарылгандыгы боюнча билдирүү жасашына депутаттар мүмкүнчүлүк берген жок

Бүгүн, 12-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов чек ара маселесине байланыштуу айткандарынан кийин “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылгандыгы боюнча эркин депутат катары билдирүү жасайм деп суранды. Бирок депутаттар Айжигитовго сөз берген жок.

-Мен таң калам. Сөз да бербейсиңерби? Закон деген барбы? Парламентпи же нотариалдык конторабы? Уялбайсыңарбы? Мен фракциядан чыгып кеткеним боюнча билдирүү жасайм. Башка эчтеке айтпайм, чек араны да айтпайм. Мага өз оюмду айтууга да уруксат бербейсиңерби? Парламентсиңерби, кимсиңер? Бул эмне? Бул Конституцияга, мыйзамдарга, регламентке, депутаттын статус мыйзамына каршы болуп жатат. Уялбайсыңарбы? Бет деген барбы?- деди Айжигитов жана экинчи жолу добушка коюуну суранды.

Төрага экинчи жолу сунушту добушка койбой турганын айтты.    

«Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарды.

5-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Динара Ашимова кыргыз-тажик чек арасы боюнча Султанбай Айжигитов фракциянын эмес, жеке пикирин билдиргенин айтты жана анын айткандары боюнча маселе фракция жыйынында караларын айткан.

Сүрөттө: Султанбай Айжигитов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты