Дене тарбия жана спорт агенттиги көк-бөрү оюнуна тыюу салынбай турганын билдирди
- 1 год мурун
Министрлер кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Жогорку Кеңештин депуттарынын Көк бөрү оюну жана ага тыюу салынышы мүмкүн деген ойлор боюнча буларды билдирди:
-Март айында 2025-жылы Нооруз майрамын белгилөө үчүн, пландаштырылган Көк бөрү оюну боюнча салттуу иш-чараны убактылуу токтотуу чечими кабыл алынганын, бирок көк бөрү оюнуна толугу менен тыюу салынган эместигин билдирет.
“Мамагенттик Көк бөрү оюну кыргыз эли үчүн, маданияты жана каада-салттары үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөт, бирок спортчулардын ден соолугу жана коопсуздугу көбүрөөк маанилүү деп эсептейт. Мамагенттик кабыл алынган чечимге түшүнүү менен мамиле кылууну жана бардык катышуучулардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган чараларды колдоону өтүнөт. Жакынкы арада мамагенттик көк бөрү федерациясы менен бирге кызматташуу келишимине кол коюу маселесин иштеп чыгат, анда жоопкерчилик тууралуу нормалар так жазылат. Мындан тышкары Көк бөрү боюнча калыстарды жана оюнчуларды жаңы эрежелерге окутуу пландаштырылууда” деп айтылат маалыматта.
2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев көк бөрү оюну кыргыздын улуттук атрибуттарынын бири экендигин жана спорт оюндарында тобокелчилик, кырсыктар болорун айтып, көк бөрү оюнуна тыюу салынбаш керектигин билдирген.
Бишкектин чет жагында, Кожомкул айылында жайгашкан «Ак-Кула» жаңы ат майданда көк бөрү турнири учурунда оюнчу каза болуп калды.
Маалымат боюнча, мелдеш Нооруз майрамына карата уюштурулуп, Сокулук районунун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командалары ойноп жаткан. “Бөрүлүнүн” №1 оюнчусу улакты жерден көтөрүп жатканда атаандаш команданын оюнчусу ат менен сүздүргөн.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы С.М. аттуу оюнчу ооруканага жетпестен каза тапканын жана бул факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.
12-мартта болжол менен саат 10:00дө “Ак-Кула” ат майданында “Көк бөрү” улуттук федерациясы тарабынан уюштурулган мелдеште оюнчунун каза болушуна байланыштуу шектүү оюнчу жана судья кармалды.
Маалыматта айтылгандай, оюн башталгандан 10-15 мүнөттөн кийин, оюндун эрежесин одоно бузуу, кагылышуунун айынан бир оюнчу аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн дароо токтоп, “Тез жардам” чакырылган. Жабыр тарткан оюнчу 1980-жылы туулган С.М. ооруканага бараткан жолдо жан берген. Баштапкы диагноз боюнча ал баш сөөгүнөн жаракат алган, баш сөөгү, чеке жагындагы сөөгү сынган, оң көзүнөн жаракат алган, мурун сөөгү, жаагы сынган.
Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан




