Көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы чемпион болду
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 6-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы “Көк-Бөрү” аренасында Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттеш өттү. Кыргызстандын курама командасы чемпион болду.
Бул оюнда Кыргызстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн курамалары күч сынашып, жыйынтык 12:0 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги
Муну бөлүшүү




