Көк бөрү турнири учурунда оюнчу каза тапты

Бүгүн, 12-мартта, Бишкектин чет жагында, Кожомкул айылында (мурдагы Военно-Антоновка) жайгашкан «Ак-Кула» жаңы ат майданда көк бөрү турнири учурунда оюнчу каза болуп калды.

Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалып, видео тасма таралууда.

Маалымат боюнча, мелдеш Нооруз майрамына карата уюштурулуп, Сокулук районунун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командалары ойноп жаткан. “Бөрүлүнүн” №1 оюнчусу улакты жерден көтөрүп жатканда атаандаш команданын оюнчусу ат менен сүздүргөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы С.М. аттуу оюнчу ооруканага жетпестен каза тапканын жана бул факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Нооруз-2025 турнири Кожомкул айылындагы “Ак-Кула” ат майданында, 12-мартта башталып, 21-март күнү жыйынтыкталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты