“Көк-бөрү” мелдешиндеги адам өлүмү: Оюнчу жана судья кармалды

  • 6 дней мурун

12-мартта болжол менен саат 10:00дө “Ак-Кула” ат майданында “Көк бөрү” улуттук федерациясы тарабынан уюштурулган мелдеште оюнчунун каза болушуна байланыштуу шектүү оюнчу жана судья кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматта айтылгандай, оюн башталгандан 10-15 мүнөттөн кийин, оюндун эрежесин одоно бузуу, кагылышуунун айынан бир оюнчу аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн дароо токтоп, “Тез жардам” чакырылган.

Жабыр тарткан оюнчу 1980-жылы туулган С.М. ооруканага бараткан жолдо жан берген. Баштапкы диагноз боюнча ал баш сөөгүнөн жаракат алган, баш сөөгү, чеке жагындагы сөөгү сынган, оң көзүнөн жаракат алган, мурун сөөгү, жаагы сынган.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган иш боюнча мелдеште ойногон шектүү 1996-жылы туулган А.Ч. кармалган. Ошондой эле 1983-жылы туулган судья Ш.У. кармалган. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу абак жайына камакка алынган.

12-мартта Бишкектин чет жагында жайгашкан «Ак-Кула» ат майданында көк бөрү турнири учурунда оюнчу каза болуп каза болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты