«Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш». Президенттин пикири  

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин да зээнимди кейитти.

Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл.

Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан.

Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз да бекеринен эмес.

Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет болууда.

Урматтуу агайын-туугандар!

Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкерчилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы.

Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам.

Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот, -деди мамлекет башчы.

4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынан өткөн Ош-Раззаков автожолу тарабында мал багып жүрүп, сел өтүүчү тоннелдин ичинде кыз кишинин сөөгү жаткандыгын көрүп, “112” кызматына кабар берген.

Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери барганда, колу артын карай жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн аял кишинин сөөгү табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында ашанан, 2008-жылы туулган К.А. аттуу кыз экендиги аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш. 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми кылмыш иши боюнча далилдерди алуу максатында Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү унаасы далил катары алынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты