Дастан Бекешев Instagram аккаунтун бузуу аракети болгонун билдирди
- 3 года мурун
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Твиттердеги» баракчасында Instagram аккаунтун бузуп кирүү аракети болгонун жазды.
«Инстаграм аккаунтумду бузушту, бирок жагдайды көзөмөлгө алууга үлгүрүп калдык», — деп жазган ал.
Дастан Бекешев 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого Бишкектеги №28 Октябрь райондук округунан катышып жатат.
15-ноябрда Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында 3 сааттан ашык сурап берип чыккан. Ал суракка шайлоонун үгүт мыйзамдарын бузууга байланыштуу чакырылганын айткан.
Муну бөлүшүү