Дастан Бекешев УКМКда сурак берип чыкты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында үч саттан ашык сурак берип чыкты.

Ал суракка шайлоонун үгүт мыйзамдарын бузууга байланыштуу чакырылганын айтты.

«Менин балдарым үгүт иштери менен жүрүшкөн. Алардын жанында жашы жете элек балдар бар экен. Жардамдашып жүргөнбү билбейм. Аларды кармап алып «мына үгүт кылып жүрөсүңөр» дешиптир. Азыр эми Жазык кодексинин 194-беренеси («Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу») менен териштирип жатышат. Бирок бул берененин эч кандай тиешеси жок».

Депутат сурак адвокаттын катышуусусуз өткөнүн, буга өзү макулдук бергенин кошумчалады.

Дастан Бекешев мурдаарак УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында сурак берип жатканын социалдык тармактагы баракчаларына жазган.

Ал Бишкектеги №28 Октябрь райондук округунан парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты