Дарига Назарбаева депутаттыктан баш тартты

  • 2 года мурун

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева парламенттин төмөнкү палатасынын депутатыынын мандатынан баш тартканын жарыялады.

Мындан ары толугу менен коомдук, гуманитардык, маданий жана кайрымдуулук иштерине көңүл бурууну чечкенин билдирди.

Назарбаева январь айындагы окуяларды «жалпы элдин чоң трагедиясы» катары сыпаттады жана «дыкат жана объективдүү териштирип-иликтенип, күнөөлүлөр жазасыз калбашы, күнөөсү жоктор бошотулушу керектигин» жазды.

Январдагы окуялардан кийин 57 жаштагы Дарига Назарбаева бийликтеги “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин курамынан чыгарылган.

Ал былтыр май айына чейин Сенаттын спикери болчу. Кийин анын ыйгарым укуктарын Президент Касым-Жомарт Токаев өз буйругу менен токтотуп койгон жана себеби ачык айтылган эмес.

Быйыл январда Казакстандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, ал тоз-тополоң, баш аламандык менен коштолгон. Анда көчөгө чыккандар мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин ыйгарым укуктарынан толук баш тартуусун жана азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин кызматын тапшыруусун талап кылышкан. Бийлик тополоңду «сырттан даярдалган террорчулар» ишке ашырды деп кабарлаганы менен буга ишеничтүү далилдерди келтире элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, бул окуяларда 227 адам каза болгон. Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынды.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты