Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бүгүн, 18-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Адылбек Касымалиевди Министрлер кабинетинин төрагалыгына, Данияр Амангелдиевди төраганын биринчи орун басарлыгына, Бакыт Сыдыковду экономика жана коммерция министрлигине дайындоого макулдук берди. Добуш берген депутаттардын бири да бул үч талапкерге каршы добуш берген жок.

Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин төрагасы — президенттик администрациянын жетекчиси болуп дайындалды.

16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетти.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты