Алмаз Айылчиев юстиция министри болуп дайындалды

Алмаз Айылчиев юстиция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров койгондугу тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

Бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Алмаз Айылчиевди юстиция министри кылып дайындоого макулдук берди.

Буга чейин Алмаз Айылчиев юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулду.  Аяз Баетов Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты