VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи болду
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар, Фоторепортаж
6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи болду
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.
Адылбек Касымалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшү менен Министрлер Кабинетинин атынан жалпы кыргызстандыктарды, оюндардын катышуучуларын жана бардык конокторду, ошондой эле жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул – жалпынын жеңиши экенин билдирди.
“Кадырлуу замандаштар! Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачып жатып, бул оюндар тарыхты келечек менен байланыштырган көпүрө экендигин белгиледи. Көчмөн дүйнө – бул өзүнүн мамлекеттүүлүгү, дүйнө таанымы, нарк-насили, акылмандыгы, искусствосу, адам менен табияттын эриш-аркак жашоо маданияты бар улуу цивилизация. Мындан он эки жыл мурда Ысык-Көлдө башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улам канат жайып, Түркияда, Казакстанда уланып, дүйнөлүк маданий-спорттук кыймылга айланды. Бүгүн ал өз мекенине мурдагыдан да чоң масштабда кайтып келип, дүйнөнүн жүздөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрүнүн башын бириктирди” деди Касымалиев.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта жаңы курулган Бишкек аренада Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келген бир катар мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда болуп, оюндар аты күнгө уланды.
Дүйнөлүк коомчулукта бул Оюндарга чоң кызыгуу пайда болуп, эл аралык уюмдардын, дүйнөлүк спорт жана маданият коомчулугунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлү Кыргызстанга бурулду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз тарыхынын кийинки барагын Татарстанда ачат.











Сүрөттөр: gov.kg




