Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан командасы биринчи орунду ээледи деп табылды

Бүгүн, 7-сентябрда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алды. Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи.

Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасында билдирди.

«Командалык эсеп боюнча бир гана техникалык айырма медалдарды эсептөөдө жаралган. Бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алды. Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз» деди Аскат Алагөзов.  

-VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүп, чоң спорттук майрам катары жыйынтыкталды. Өзгөчө көк бөрү жана жер улакта кыргыз жана казак командалары мыкты оюн көрсөтүп, атаандаштык оюн талаасында гана каларын дагы бир жолу далилдешти. Күйөрмандардын арасында да эч кандай маселе жаралган жок. Бул үчүн спортчуларга жана эки элдин күйөрмандарына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз,-деп жазды президенттин маалымат катчысы.

-Кыргызстандык спортчулар да бул оюндарда өз күчүн, чеберчилигин татыктуу көрсөттү.

Медалдын эсеби спорттун бир бөлүгү, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду, -деди ал.

Буга чейин медалдардын саны боюнча Кыргызстан командасы биринчи орунда, Казакстан экинчи орунда деп айтылган. Ал эми казакстандыктар Казакстан командасы биринчи орунда деп эсептеген. Медалдардын саны боюнча ажырым, уюштуруу комитетинин кайра эсептөөсүнөн кийин анык болду. Биринчилик- Казакстан командасында экени тастыкталды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан командасы биринчи орунду ээледи деп табылды

Баш сүрөт: КР Дене тарбия жана спорт агенттиги

Сүрөттөр: Казакстан жана Кыргызстандын жеңүүчүлөр боюнча баштапкы маалыматтары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты