Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча кыргызстандыктар 10 медаль жеңип алды   

  • 2 года мурун

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 5 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңди.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кыздар арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова, 65 кг салмак даражада Нурзада Мыктыбек кызы, 70 кг салмакта Нурзат Бактыяр кызы жана 75 кг салмактан жогоркулар арасында Нагира Сарбашева, эркектер арасында 60 кг салмакта Калысбек Каимов алтын байгенин ээлери болушту.

80 кг салмак даражада Азизхан Мусабек уулу, 100 кг жогоркулар арасында Кадыр Келсинбеков күмүш медаль жеңди.

Оюндар Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин өтөт.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, 70 кг салмакта Касымбек Анарбаев, 90 кг салмак даражада Нурсултан Бочонов, 100 кг салмакта Исламбек Алик уулу коло байге алышты.

Белгилей кетсек, буга чейин алыштын классикалык түрү боюнча беттештер өтүп анда спортчулар 9 медаль жеңген. Жалпы “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы 19 медаль жеңди.

Жалпы командалык эсепте, классика түрү боюнча Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Ал эми эркин түрүнөн кыз-келиндер курама командасы тизменин сап башында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты