Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 148 спортчу барды

  • 2 года мурун

Түркияда башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 148 спортчу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине 30дай өнөр адамы да барды.

Мелдешке катышкан спортчулар көкбөрү, көкпар, алыш күрөшү, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча күч сынашат.

Кыргыздын улуттук оюндарынын катарын толуктаган тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Оюндар Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин өтөт.

Мелдешти өткөрүү демилгеси 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы алгачкы ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн. Мелдешке Азия, Европа, Түштүк Америка, Америка өлкөлөрү да катышкан. Көчмөндөр оюндары 2016-2018-жылдары да жогорку деңгээлде белгиленген. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Ушундан кийин оюнду өткөрүү эстафетасы Түркияга өткөрүлүп, 2020-жылдан бери пандемиялык шартка байланыштуу убактысы жылдырылып келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты