ЖМК: Дөө Чыңгыздын өлүмүнө шектелгендердин арасында Медет Садыркуловду өлтүргөн адам бар

  • 1 год мурун

«Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү болгон крим төбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши сотко жиберилди. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги Башкы прокуратурага шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралат.

Басылма билдиргендей, Жумагуловдун өлүмүнө Бишкек шаарындагы ТИЗО-1де отурган беш адам айыпталууда.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка Д.Ш., С.С., Э.К., М.З. жана С.Б.нын катыштыгы бар экени аныкталды. Бешөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча айып коюлуп жатат. Мындан тышкары кылмышты жашырганы үчүн дагы эки адам жоопкерчиликке тартылды», — деп билдирген Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолдинов.

Ал кошумчалагандай, Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштеринин алкагында дагы тергөө иштери уланууда.

Анын айтымында, ЖАКтын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

24.kg өздүк булактарына таянып, Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө айыптылгандардын арасында президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүргөн деген айып менен 14 жылга эркинен ажыратылган Санжар Сапарбеков бар экенин жазды.

Чыңгыз Жумагулов ушул жылдын 30-июлунда Бишкектеги ТИЗО-1де өлтүрүлгөн. Алдын ала маалыматка ылайык, аны камералашы бычактап салган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты