Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Дөө Чыңгыз” аталган Чыңгыз Жумагулов кармалды

  • 2 года мурун

15-июлда Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү, криминалдык чөйрөдө “Дөө Чынгыз” деген ат менен белгилүү Дж.Ч.А. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлдү.

Буга байланыштуу, Дж.Ч.А. мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар УКМК органдарына 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылса болот.

Буга чейин УКМК Чыңгыз Жумагуловду кармоо жана уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү менен атышуу болду деген социалдык тармактарга тараган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты