Дөө Чыңгыз аталган Чыңгыз Жумагулов өлтүрүлдү

  • 2 года мурун

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып, Дөө Чыңгыз каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун СИЗО-1 убактылуу кармоочу жайдан өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты. Бул маалыматты жаза аткаруу кызматынан тастыкташты.

Алдын-ала маалымат боюнча, аны СИЗО-1де камералашы бычактап салган деп айтылат маалыматта.  

15-июлда Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү, криминалдык чөйрөдө “Дөө Чыңгыз” деген ат менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов кармалган.

Аны кармалышынын себеби кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөнү белгиленген.

Буга чейин УКМК Чыңгыз Жумагуловду кармоо жана уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү менен атышуу болду деген социалдык тармактарга тараган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты