Негативдүү жаңылыктар кайдан чыгат? Депутат Сагынаев талкуу жүргүзүүнү сунуштады
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында депутат Болот Сагынаев социалдык тармактарда негативдүү маалыматтар басымдуулук кылып жатканын белгилеп, жаңылыктар кайдан келип чыгаары боюнча телерадио компаниялардын жетекчилери менен талкуу уюштуруу сунушун киргизди.
-Акыркы убактарда социалдык тармактарда негативдүү жаңылыктар аябай басымдуулук кылып жатат. Мен ушул мыйзам долбоору боюнча сунуш киргизет элем, телерадио компаниялардын жетекчилерин чакырып, ушул негативдүү жаңылыктар жана башка жаңылыктар боюнча, биздин маалымат каражаттары берип жаткан маалыматтар боюнча толук талкуу жүргүзсөк,-деди депутат Болот Сагынаев.
Бүгүн илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап чыгып, биринчи окууда жактырды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев белгилегендей, мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун максаты – анын жоболорун Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин жаңы редакциясына жана 2025-жылдын 6-августунда кабыл алынган «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамга ылайык келтирүү болуп саналат. Тактап айтканда, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» мыйзамы менен» деген сөздөрдү «Санарип кодекси менен» деген сөздөргө алмаштыруу сунушталууда.
Сүрөттө: депутат Сагынаев. kenesh.kg




