«Чындык» форуму: Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык ыйгарылды

Бүгүн, 12-февралда, Бишкекте иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык ыйгарылды. Биринчи орунду Болот Темиров менен Temirov Live редакциясы “Эки күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот? Ташиевдердин схемасы. Садыр Жапаровдун жообу!” деп аталган материалы үчүн алды.

“2022-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү” сынагында экинчи орун “Азаттыктын” кабарчысы Айбек Бийбосуновго “Интернетте гүлдөгөн баңги бизнеси” деген иликтөөсү үчүн ыйгарылды.

Үчүнчү орун BULAK.KG сайтынын журналисттерине “Ысык-Көл жээгинин каракчылары. Борбор Азиядагы эң көркөмдүү көлдү кимдер жок кылууда?” (“Пираты Иссык-Кульского побережья”. Кто убивает самое красивое озеро Центральной Азии?») деген иликтөөсү үчүн берилди.

Атайын сыйлык “Т-Медиа” телеканалынын журналисти Даткабек Шабданбек уулу “55 миң тонна кара алтын кайда?” деген макаласы үчүн, ал эми “Media Space” коомдук уюму, “Апрель” редакциясынын “УКМК өнүктүрүү фонду” (“Фонд развития ГКНБ”) аттуу иликтөөсү үчүн атайын сыйлыктар ыйгарылды.

Бүгүн, 12-февралда, Бишкек шаарында иликтөөчү журналисттердин “Чындык” форуму өттү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты