Ысык-Көл эл аралык интеллектуалдык форумунун ачылыш аземи өтөт

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 18-июнда, Ысык-Көл эл аралык фоурумунун расмий ачылыш аземи жана өлкө жетекчилигинин катышуусундагы жалпы жыйыны өтөт.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

Эки күндөн бери, 16-17-июнда, “Манас” эл аралык аэропорту дүйнөнүн 15тен ашык өлкөсүнүн делегацияларын кабыл алууда.

1986-жылы дүйнөгө белгилүү жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген форум, 40 жылдык юбилейин белгилөө менен өзүнүн тарыхый мекенине кайтып келет.

2026-жылдагы юбилейлик форумдун негизги максаты – Чыңгыз Айтматовдун гуманитардык мурасын жаңыртуу гана эмес, анын терең идеяларын жана чыгармаларын санариптештирүүнүн реалдуулуктарына ылайыкташтыруу. Форум интеллектуалдык жана маданий дипломатиянын призмасы аркылуу муундар ортосунда көпүрө курууга, адамзат кризисин, жасалма интеллекттин этикалык чакырыктарын жана глобалдык бөлүнүп-жарылууну жеңүү үчүн жаңы муундагы лидерлерге жана ойчулдарга сунуш кылууга умтулат.

Кытай Жазуучулар союзунун төрагасы жана Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь баштаган кытай делегациясы келди.

17-июнда түштөн кийин украин жазуучусу жана котормочусу Васькив Микола, Татарстан жазуучулар союзунун төрагасы Ркаил Зайдулин, ТҮРКСКОЙдун экс-катчысы Дусенбай Касеинов, Ломоносов атындагы ММУнун профессору Коңурбаев Марклен, Казакстан президентинин кеңешчиси Омаров Бауыржан, Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев келишти.

Ардактуу конокторду Мамлекеттик катчы жана Маданият министринин орун басары жана коомдук ишмерлер тосуп алышууда.

“Ысык-Көл форуму ар дайым саясаттын же экономикалык пайданын эмес, адамзаттын фундаменталдуу келечеги, анын адеп-ахлактык багыттары жана глобалдык яакырыктар доорунда маданияттын ролу талкууланган жай болуп келген. Бүгүн, 40 жылдан кийин, Айтматовдун үнү жаңыча ураан менен жаңырышы керек. Биз кыргыз жерине чынчыл жана ачык диалогго даяр болгон дүйнөнүн интеллектуалдык элитасын кубанып тосуп алууга даярбыз” деп белгилешти форумдун Уюштуруу комитети.  

Уюмдун расмий ачылыш аземи жана өлкө жетекчилигинин катышуусундагы жалпы жыйыны 18-июнда Ысык-Көлдө өтөт.

Арслан Койчиевге президенттин Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын өкүлүнүн статусу берилди.

Ысык-Көл интеллектуалдык форуму Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы уюштурулган. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты