Бишкекте иликтөөчү журналисттердин “Чындык” форуму өтүп жатат
- 2 года мурун
Бүгүн, 12-февралда, Бишкек шаарында иликтөөчү журналисттердин “Чындык” форуму өтүп жатат.
Иш-чараны “Интерньюс Кыргызстан” уюму менен Журналисттик иликтөөлөр фонду уюштурган.
Кыргызстанда иликтөөчү журналисттердин “Чындык” форуму 2021-жылдан бери өткөрүлүүдө. Бул күнү – иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү. Быйыл Уланбек Эгизбаев 33 жашка чыкмак. Бүгүн мыкты журналисттик иликтөөлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктар тапшырылат.
Форумга журналисттер, медиа эксперттер, ЖМК өкүлдөрү катышууда. Иш-чарага “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери да катышууда.
Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.
Муну бөлүшүү