Чымчыктарды кармоо учурунда видеого тартылган чет элдик жаран кармалды
- 1 месяц мурун
- Видео
Социалдык тармактарда чет элдик жаран чымчыктарды мыйзамсыз кармап жатканы тартылган видео боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында видеодо тартылган чет элдик жарандын тек-жайы аныкталып, кармалган. Ал Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирге чет элдик жарандын аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык укуктук баа берилет.

Социалдык тармакта толтура чымчык кармап жаткан чет элдик тууралуу видео социалдыктармактарда тараган.
Буга чейин социалдык тармактарда Арпа өрөөнүндө ток менен балык уулоого байланыштуу тараган видео тасма боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, кармалган.
Сүрөттөр: ИИМ




