№ 20 шайлоо округу боюнча Максат Алымбеков депутат болду
- 3 недели мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 19-майдагы жыйынында, Максат Алымбековду № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Максат Алымбеков № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталды. Ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
12-майда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткон
Сүрөттө: Максат Алымбеков. БШК
Муну бөлүшүү




