№ 21 округ боюнча Мирлан Жеенчороев Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталды
- 4 недели мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Мирлан Жеенчороевди № 21 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Бул тууралуу БШК кабарлады.
Мирлан Жеенчороев № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталды. Ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелде № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековдун талапкерликтен баш тартуу тууралуу арызын карап, каттоосун жокко чыгарды.
Сүрөт: shailoo.gov.kg
Муну бөлүшүү




