Чуулгандуу видео тасмадан кийин  Ноокат РИИБ жетекчилери алмашты

  • 2 месяца мурун

30-ноябрда Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов жана Ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсан Камчиев Ички иштер министринин буйругу менен дайындалган Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) өздүк курамына жаңы дайындалган жетекчилерди тааныштырды. Ноокат РИИБдин башчысы болуп, Жуманазар Орозбаев дайындалды.

Ошондой эле Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүнүн орун басарлары да жаңы дайындалды.

Ноокат РИИБ башчысынын орун басары — кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы болуп Медер Асанов, РИИБ башчысынын орун басары — коомдук коопсуздук кызматынын башчысы болуп Сейитбек Молдобаев, РИИБ башчысынын кадр боюнча орун басары болуп Илимбек Маматеминов дайындалды.

Ал эми мурда аталган кызматтарды жетектеп келген жетекчилер Кыргыз Республикасынын ИИМдин комиссиясынын текшерүүсүнөн кийин кызматтардан бошотулган.

20-ноябрда социалдык тармактарда Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видеодо жарандык кийимчен адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканы көрсөтүлгөн.

Видео Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн  кызматкерлери райондук милициянын ошол учурдагы жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттангандан кийин чыккан.

Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн айрым кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкан. Алар мамлекет башчысы Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видео кайрылуусунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен иштеше албай турганын айтышкан.

Көп өтпөй видеого байланыштуу Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери (М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т.) жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы (М.Н) кармалган. Милиция кызматкерлерине кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып тагылууда.

Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулу кызматынан бошотулуп, 2025-жылдын 20-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты