ИИМ: Ноокаттын Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн пара алууга шектүү кызматкерлери кармалды
- 2 месяца мурун
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Ноокат районунун Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин пара алууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин, 20-ноябрда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын майору А уулу Т. кызматтык кабинетинде кол алдында иштегендерден акча алып жатканы боюнча тартылган видео жарыяланган.
Бул факты боюнча алдын ала текшерүүнү ИИМдин ички иликтөө кызматы жүргүзгөн.
Ошол эле күнү ИИМдин тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинде (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) каралган кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө 21-22-ноябрь күндөрү Ош облусунун Ноокат районунун ИИБдин беш участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т. кармалган. Ошондой эле Ноокат райондук ИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы М.Н кармалды.
Кармалгандардын баарына тең пара алууга шериктеш болуу деген айып тагылган. Кармалгандар Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Соттун чечими менен кармалгандардын баарына бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн айрым кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкан. Алар мамлекет башчысы Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видео кайрылуусунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен иштеше албай турганын айтышкан.
ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринен турган комиссия Ноокат райондук милициясында болгон окуя боюнча текшерүү жүргүзүп чечим кабыл алынды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан