Чолпон-Атадагы жыйынга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери келди      

  • 2 года мурун

Чолпон-Ата шаарына Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына келишти.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны  башталды.  

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.   

Жыйынга Беларуссиянын премьер министри Роман Головченко, Россия өкмөтүнүн төрөгасы Михаил Мишустин, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышууда.  

Ошондой эле Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Акылбек Жапаровдун чакыруусу менен келди.  

Конокторду “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Бүгүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана Евразия Экономикалык Биримдигинин “Келечек” биринчи жаштар форумунун ачылышы болуп, ага Министрлер кабинентинин торөгасы Акылбек Жапаров  жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Ачылышта Акылбек Жапаров  форум Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине жана Евразиялык Экономикалык Биримдикке мүчө-өлкөлөрдөгү жаштардын интеграциялык процесстери үчүн “бурулуш рычагы” болуп калаарын айткан.

25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Сүрөттө: Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустинди тосуп алуу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты