Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

  • 2 года мурун

Мурда кабарлангандай, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Жыйынга катышуу үчүн Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы Акылбек Жапаров төрагалык кылат. 

Иш-чарага Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы, ошондой эле чакырылган мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат. Жыйындын күн тартибинде интеграциялык бирикме үчүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери бар. 

Сүрөттө: Азербайжандын премьер-министри Али Асадовду тосуп алуу. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты