ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукция экспорттоодо салыктан качуу: Компаниялардын жалпы салык карызы 700 млн сомдон ашык  

ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукциясын экспорттоодо салык төлөөдөн качууга багытталган кылмыштуу схема аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматта аныкталгандай, Кыргыз Республикасынын жараны П.П.А. ата мекендик экспорттоочулар үчүн жасалма ЖЧКлар аркылуу фиктивдүү коштоочу документтерди каттап келген. Муну менен катар фирмалардын ээлеринин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагындагы кабыл алуучу уюмдардын өкүлдөрүнүн кол тамгалары жасалмаланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аныкталган ЖЧК жалпы салыктык карызы 700 млн сомдон ашат.

Мындан тышкары, кылмыштуу схеманы ишке ашыруу максатында ЖЧКлар оор дартка чалдыккан жарандардын атына катталып турганы аныкталды. Алар каза болгондон кийин салыктык карыздар эсептен чыгарылып же узак мөөнөттүү соттук териштирүүлөргө айланып келген.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында П.П.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты