Чолпон-Атада уюшкан кылмыштуу топтун изделип жаткан мүчөсү кармалды

  • 2 месяца мурун

30-майда Чолпон-Ата шаарында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 1994-жылы туулган А.Т. аттуу жаранды кармады.

ИИМдин маалыматында айтылгандай, кармалган жаран өзүнүн кылмыштуу өнөктөштөрү менен кошо Бостери айылынын тургунунун жер тилкесин башка адамдын пайдасына алууга опузалаган.

Оор кылмышка шектүү 1994-жылы туулган А.Т. аттуу жаран тергөө органдарынан качып, 2023-жылдын декабрынан бери издөөдө жүргөн. Азыр ал камакка алынды.

Кармалган жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөттө: Кармалган шектүү. ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты