Чолпон-Атада “Баластан” балдар бакчасы ачылды. Анын имараты мурда Көлбаевге таандык үй болгон

  • 3 месяца мурун

Чолпон-Ата шаарында мыйзамдагы ууру атыккан Камчы Көлбаевдин мурдагы үйүндө “Баластан” балдар бакчасы уюштурулду.

Шаардык мэриянын ЖМКга маалыматы боюнча, имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 100 орундуу балдар бакчасы үчүн ылайыкташтырылды.

Анда 67 сотых жерде эки үй салынган, үйдүн бирин атасы салган, экинчиси Көлбаевдин өзүнө таандык болгон. Учурда бир үй балдар бакчасы болсо, экинчи үй райондук билим берүү башкармалыгы жайгаштырылды.  

Балдар бакчасынын имаратынын ачылышына президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Арпачиев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Рустам Кадыркулов, шаардык кеңештин төарагасы Элдияр Молдобеков катышты.   

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирди.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты