Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналган дзюдо турнири өттү

18-октябрда Дзюдо боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин залында 2013–2014-жылы туулган өспүрүмдөр жана кыздар арасында Бишкек шаарынын ачык дзюдо турниринин салтанаттуу ачылышы болду.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Турнирди Бишкек мэриясы 2010-жылдан бери жыл сайын өткөрүп келет. Быйыл мелдеш 16-жолу уюштурулууда.

Мелдеш Улуттук дзюдо федерациясынын биринчи президенти, СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналды.

Жыргалбек Сурабалдиев — депутат Эльвира Сурабалдиеванын атасы.  

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жана Улуттук дзюдо федерациясынын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн президенти Арафат Исмаилов катышты.

Рахат Мусаева өз сөзүндө турнирге катышкан балдардын жана кыздардын саны жыл сайын өсүп жатканын белгиледи. Алдыда мелдеш республикалык жана эл аралык деңгээлге чыгат деген ишенимин билдирди. Ошондой эле мэрия спорттук инфраструктураны өнүктүрүү иштерин улантып, балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн спорт тармагынын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин ыраазычылык каттарын жана ардак грамоталарын тапшырды.

Турнирге 350 жаш дзюдочу катышты. Мелдештин жыйынтыгында салмак категориялары боюнча жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери кубок, медаль жана диплом менен сыйланышты.

Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналган дзюдо турнири өттү
Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналган дзюдо турнири өттү
Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналган дзюдо турнири өттү
Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналган дзюдо турнири өттү

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты