Чоң-Кеминде жайлоого кетип, дайынсыз болгон киши изделүүдө
- 2 месяца мурун
29-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынын тургуну, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу киши Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кетип, дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат “102” кызматына кечээ, 1-декабрда, түшкөн. Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери тарабынан билдирүү бүгүн, 2-декабрда, түштү.
Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган жаран сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал эми минип жүргөн аты кайтып келген.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт куткаруучу, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнөн жети кызматкер тартылып, жалпы он бир киши издөө иштерине чыгышты.
Сүрөт: ӨКМ