Чоң-Кеминде дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кетип, дайынсыз болгон 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу адамдын сөөгү табылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, жайлоодо сарайда турган досуна кеткен бойдон өзү дайынсыз болуп, аты кайтып келгени тууралуу маалымат 1-декабрь күнү “102” кызматына түшкөн. Ал эми ӨКМге ИИМ тарабынан 2-декабрда билдирилип, ошол убакыттан бери издөө улантылып келген.

Бүгүн 4 куткаруучу, 50 ИИМ кызматкери жана 40 жергиликтүү тургун, жалпы 94 адам тартылып, саат 13:30да изделип жаткан жарандын сөөгү Чоң-Кемин суусунан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты