Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат

Эртең, 24-сентябрда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактарга Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймак, Жибек Жолу проспектиси, Айдарбеков көчөсү, БЧК, Саадаев көчөсү — Күрөңкөев көчөсүнөн Краснодонцев көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын түндүк тарабындагы аймак жана Маевка айылы кирет.

Мындан тышкары,  «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын-Бешик», «Салам-Алик», «Ак-Босого» конуштарына, ошондой эле Ала-Арча айылына суу берүү убактылуу токтотулат.

Ичүүчү сууну убактылуу токтотуу «Түндүк» суу топтомосунда  жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

“Бишкек суу канал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандардан жана уюмдардан ичүүчү суу менен алдын ала камданып алууну өтүнөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты