Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу ачылды
- 1 месяц мурун
5-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чет мамлекеттерде добуш берүү үчүн дагы 3 шайлоо участогун түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ошону менен чет өлкөлөрдө жалпысынан 100 шайлоо участогу ачылды.
Жаңы шайлоо участоктору Казакстандын Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында ачылды.
18-октябрда БШК Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 71 шайлоо участогун түзүүнү бекиткен. 24-октябрда жана 27-октябрда кошумча 20 жана 6 шайлоо участогу түзүлгөн. Ошону менен чет өлкөлөрдө жалпысынан 100 шайлоо участогу ачылды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




