Чернобыль АЭСинде электр энергиясы өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Украиналык «Энергоатом» компаниясы Орусиянын аскердик аракеттеринин кесепетинен Чернобыль атомдук электр станциясынын (АЭС) жогорку линиясы электр системасынан толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлады.

Мындан тышкары Украинада орус аскерлери басып алган башка АЭСтерде да электр кубаты өчүрүлдү.

«Кампада 200 тоннадай өзөктүк калдык сакталып турат. Алар дайыма муздак турушу керек. Эгер электр энергиясы болбосо, насостор муздак үйлөбөй калат. Натыйжада температура жогорулап, реактивдүү заттар айлана-чөйрөгө тарашы ыктымал. Шамал менен радиоактивдүү заттар Украина, Беларус, Орусия жана Европанын башка аймактарына тарашы мүмкүн» деп айтылат билдирүүдө.

Орус Президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция уюштуруу деген жүйө менен Украинага согуш ачкан

24-февраль күнү кечинде Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясынын (АЭС) аймагы орусиялык аскерлердин көзөмөлүнө өткөнү кабарланган.

Буга чейин украин өкмөтү орус аскерлери Чернобыль АЭСин басып алгандан кийин 250дөй жумушчу 14 күн дем алышсыз иштегенин, Орусия нөөмөт алмаштырууну бөгөттөгөнүн билдирген.

Украина өкмөтү атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке кайрылып, Чернобыль АЭСин басып алган орус аскерлеринин аракетин көзөмөлдөөнү суранган.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты