Чек ара: Турукташуу тенденциясы менен кырдаал чыңалуу абалында

  • 2 года мурун

8-сентябрь, саат 22:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде турукташтыруу тенденциясы менен кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.      

Жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күч жана каражаттар чыгарылып жатат.      

Эки республиканын укук коргоо органдары чек ара аймактарында коомдук тартипти көзөмөлдөп, Худжанд-Канибадам/Арка-Бөрбордук унаа жолунда биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүдө.       

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.    

Бүгүн, 18-сентябрда кечинде, Кыргызстандын тышкы иштер мннистрлиги (ТИМ) кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча билдирүү жасады. Анда ТИМ чек арадагы окуяны “Тажикстандын алдын-ала пландалган куралдуу агрессиясы» деп атады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты