“Чек ара маселеси чечилип, түбөлүккө чекит коюлду”. Президент Жапаров чек ара келишими тууралуу
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 13-мартта, президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылу кыргыз-тажик чек ара маселеси түбөлүккө чечилгенин билдирди.
“Бүгүн кыргыз-тажик ортосундагы 1924-жылдан бери (101 жылдан бери) чечилбей келе жаткан чек ара маселеси чечилип, түбөлүккө чекит коюлду. Эки тарапка эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн жакшы иш болду. Себеби, бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары бири-бири менен чек ара маселесин чечип бүттү деген сөз. Мындан ары Борбор Азияда түбөлүк тынчтык орноду” деди Садыр Жапаров.
Борбор Азияда Шенген визасы сыяктуу процессти баштоо керектигин айтты.
“Эми Борбор Азия мамлекеттеринин арасында бири-бирине визасыз, ал эми башка мамлекеттерден келген коноктор үчүн бир эле мамлекетке келген виза менен (Шенген визасы сыяктуу) Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарында жүрө берүү процессин башташыбыз керек”.
“Бүгүнкү кол коюлган келишимди 19-март күнү Камчыбек Кыдыршаевич ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңешке алып барат. Ратификацияга жеткенге чейин кол коюлган келишимдеги көп учурларды айтпай келдик. Себеби, келишимге кол коюла электе бузуп албайлы дедик. 19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевич ар бир квадрат метр жер боюнча ийне-жибине чейин ачык-айкын маалымат берет. Журналисттер, коомдук активисттер, демагог, популист, “эл көрсүн, эмки шайлоого добуш топтой салайын” дегендер сөзсүз катышкыла, ачык сурооңорду бергиле. Ачык жана так жооп аласыңар. Мейли ким болбойлу, кайсыл маселеде болбойлу, эки мамлекеттин ортосунда оор жана тарыхий маселе чечилип жатканда жеке кызыкчылыктын “жаназасын” окуп коюшубуз керек. Бүгүнкү чек ара маселесин дагы 4 жылдан бери жети эмес, жетимиш өлчөп, анан бир кестик” деди президент.
Бүгүн, 13-мартта, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүүгө, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюшту.
Сүрөт: president.kg