ШКУ саммити: Бир катар документтерге кол коюлду

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылар кеңешинин 1-сентябрдагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

Анда Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма беш жылдыгына арналган Бишкек декларациясы кабыл алынды

ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдык борбору жөнүндөгү жобо кабыл алынды.

Ошондой эле баңгизатты жайылтууга каршы күрөшүү, эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү планы, «Жашыл технологиялык коридорун” түзүү (илимий-техникалык кызматташтык) боюнча кызматташтык программасы, ШКУга мүчө мамлекеттердин портторду жана логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча 2026-2030-жылдарга иш-аракеттер планы (жол картасы) ж.б. документтер кабыл алынды.

Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин энергетикалык системалар чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү кабыл алынды.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

— 2010-жылдын 11-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө кызматташтык жөнүндө меморандумга;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы жасалма интеллект жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы маалыматтык чөйрөдө өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты