«Түндүк» ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Түндүк» ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Президентинин иш башкармасына  «Түндүк» ачык акционердик коомун  жоюу жана жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу сунушталды.  

«Түндүк» ААК функцияларын жана милдеттерин, ошондой эле анын финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын, материалдык эмес активдерин белгиленген тартипте президенттин иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүүнү камсыз кылуу,  «Кызмат» мамлекеттик мекемесине ишке орноштурууга тийиш болгон «Түндүк» ААКтын кызматкерлеринин санын аныктоо,  «Түндүктүн»  кызматкерлерин  «Кызмат» мамлекеттик мекемесине ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүү сунушталды.

Мында колдонуучулар «Түндүк» платформасынын жана «Түндүк» мобилдик тиркемесинин ишинде кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтпөшү керек. Санариптик продукт, анын ичинде «Түндүк» мобилдик тиркемеси жана ал аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтар толук көлөмдө иштөөсүн улантат.

«Түндүк» ААКтын функцияларын жана ресурстарын «Кызмат» ММге өткөрүп берүү, биринчи кезекте, уюштуруу түзүмүн оптималдаштырууга жана мамлекеттин санариптик инфраструктурасын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Жарандарга жана уюмдарга мамлекеттик санариптик кызматтар белгиленген тартипте көрсөтүлө берет.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты