Чехиялык эксперттер Бишкектеги таштанды жайдагы өрттү өчүрүү боюнча сунуштарын берди

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун чех эксперттери менен жолугушту.

Бул тууралуу борбор мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жыйында эксперттер таштанды таштоочу жайдагы өрттү өчүрүү жана жаңы полигонду ачууга чейинки иш-аракеттердин ырааттуулугу боюнча сунуштарын айтышты.

Жаңы полигон ачылганга чейин өрттү толугу менен өчүрүү, жаңы очоктордун алдын алуу, полигондогу калдыктарды эсепке алуу системасын өзгөртүү, таштандыларды полигонго ташып келүүчү жерди өзгөртүү жана таштандыны башкаруу системасын өзгөртүү сунушталды

Буга чейин эксперттер мэрдин орун басары менен бирге полигонго барып, учурдагы абалга баа беришкен. Ошондой эле таштандыдан чыккан өрттөрдү өчүрүү маселесин жеринде чечүү каралган.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров чехиялык компания менен таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирген:

-Баасы 45 млн доллар турган долбоорду ишке ашыруу боюнча Чехиянын Re Green s.r.o компаниясы менен макулдашууга жетишилди. Бүгүн бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жолугушуусу болду. Демилге колдоого алынды, -деди борбор шаардын мэри.

2015-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) таштандыны рекультивациялоо жана жаңы полигон куруу демилгесин колдоп, объект 2021-жылдын июнь айында курулуп бүтөрү кабарланган. Жаңы полигондун аймагында таштанды ылгоочу завод куруу да  каралган. Бирок 2021-жылы октябрда ЕРӨБ бөлгөн 22 миллион доллардын 10,5 миллиону гана өздөштүрүлүп, бирок эч кандай иш аткарылбаганы аныкталган.

Мэрия борбордо таштанды заводун куруу планы тууралуу 2017-жылдан бери билдирип келет.

Кийинчерээк Башкы прокуратура жаңы санитардык полигон жана таштанды ылгоочу завод куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. 

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты