Чечейбаевге сөгүш берилген. Министрлик президенттин тапшырмалары аткарылганын маалымдады
- 1 месяц мурун
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын командасы, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо борбору жана кайрымдуулук уюмдары менен бирге бардык кемчиликтер жоюлганын билдирди.
Атап айтканда:
-Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн кошумча УЗИ аппараты орнотулду;
-Стерилдөө бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылып, ишке киргизилди;
-Борбор кошумча хирургиялык шаймандар топтому менен камсыз болду;
-“Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду жана “Кыргызфармация” тарабынан дары-дармек жана керектүү материалдар толук камсыздалды;
-Операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо борборунун имаратында болгон өрт кырсыгынан кийин борбор убактылуу Республикалык диагностикалык борборго көчүрүлгөн.
Бирок ушул жумада институттун негизги имаратында оңдоо иштерин баштоо пландалууда. Ошону менен катар кошумча медициналык жабдууларды сатып алуу каралууда. Бул клиниканын толук кандуу иштешин калыбына келтирип, балдарга көрсөтүлүүчү жардамдын көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
2-майдан бери борбордо “Global Cardiac Alliance” уюмунун тажрыйбалуу адистери менен биргеликте операциялар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан операцияга 70 бала тизмеге алынган. Анын ичинен 30 бала операцияга толук даяр, 7 балага операция жасалды, алардын 4үнүн абалы туруктуу. Тилекке каршы, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, операциядан кийин үч наристе чарчап калды.
8-майда президент Садыр Жапаров республикалык диагностикалык борбордун имаратында убактылуу жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун борборуна барып, “Global Cardiac Alliance” эл аралык командасынын иши менен жеке таанышып, жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүүнүн көйгөйлөрүн жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды берген.
Анда чет элдик адистердин катышуусунда балдардын кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа боюнча иштер сынга алынып, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевге сөгүш берилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги