Президент Жапаров министр Чечейбаевге: «Көчүгүң креслого жабышып калдыбы?»

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, республикалык диагностикалык борборго барды. Анда чет элдик адистердин катышуусунда балдардын кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа боюнча иштер сынга алынып, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевге сөгүш берилди.   

Жүрөктүн оор патологиясынан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканы маалымдалды. Операция башталгандан бери акыркы күндөрү балдар өлүмүнүн үч учуру катталды. Чакырылган адистер борбордо квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экендигин билдиришти.

Диагностика так маалыматтарды бербеген эскирген УЗИ аппаратында жүргүзүлөт. Толук кандуу стерилизациялык бөлмө жок – жабдуу каражаттары башка медициналык мекемеге унаа менен жеткирилип, бейтаптарды инфекция жугузуу коркунучуна дуушар кылууда. Кээ бир балдар операцияга мурдатан эле өрчүгөн инфекция менен келип жатышат.

Мамлекет башчы саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевди шалаакылык жана жоопкерчиликсиздик үчүн сынга алды.

«Сен канча жолу келдиң ушу жерге?… Биринчи жолу келип жатасыңбы?» деп сурады президент саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевден. «Ооба» деп жооп берди министр. «Эмнеге момундай проблема болуп жатса, биринчи жолу келесиң? Мен сени кабинетте отурба, кыдырып иште дебедим беле? Канча болду иштегениңе министр болуп? -Эки ай. Эки айдан бери эмне, кирип эле кабинетиңе, креслого көчүгүң жабышып калдыбы? Чечпейсиңби булардын өтүнүчүн, проблема болуп жаткандан кийин? Кичинекей балдар өлүп жатса, сен кабинетиңде отурасың. Айтпайсыңбы проблеманы? Мындан артык эмне жумушуң бар сенин? Же башка жумушуң барбы? Чакырып жатса, келбейт экенсиңер? Сенин алың жетпесе, мага келбейсиңби? Эки күн мөөнөт, бул жерге эмне керек, таап бер. Акча жокпу, таап бер. Сага, сөгүш!» деди президент Жапаров.

«Министр биринчи кезекте медициналык мекемеде зарыл шарттарды түзүп бериши керек. Ар бир маселе чечилгенге чейин күнү-түнү ушул жерде болууга тийиш. Бул үчүн туура эки күн убакыт берем» деди Жапаров. Эркин Чечейбаевге сөгүш жарыялоону тапшырды.

Андан көп өтпөй президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевге сөгүш жарыялоо тууралуу тескемеге кол койду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты