Чаткал районунда изделип жаткан аялдын сөөгү дайра жээгинен табылды
- 1 месяц мурун
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында жоголуп жаткан 65 жаштагы аялдын сөөгү бүгүн, 30-майда саат 09:50дө Чаткал дарыясынын жээгинен табылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
28-май күн саат 19:30 чамасында Каныш-Кыя айылынын Маданият көчөсүндө жайгашкан үйүнөн 1960-жылы туулган Д.З. аттуу аял киши чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар эки күндөн бери издөөгө алышкан.
Бүгүнн куткаруучулар аялдын сөөгүн Чаткал дарыясынын жээгинен таап, туугандарына өткөрүп беришти.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү