Чаткал районунда дайынсыз болгон 65 жаштагы аял изделүүдө

  • 1 месяц мурун

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында кечээ, 28-май күнү саат 19:30 чамасында үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан 65 жаштагы аял изделүүдө.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз борбору билдирди.

Каныш-Кыя айылынын Маданият көчөсүнүн тургуну 1960-жылы туулган Д.З. үйүнөн чыгып, ошол бойдон кайтып келбей жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн, 29-майда, издөө иштерин жүргүзүүгө  ӨКМдин Чаткал райондук бөлүмүнөн 5 куткаруучу, эки дрон менен, ИИМден 14 кызматкер жана жергиликтуу тургундардан 20 , жалпы 39 киши тартылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты