Үч шайлоо округу боюнча үгүт иштери башталды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 10-июндан баштап, №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча үгүт иштери башталды. Ал 29 июнда аяктайт.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Үгүт иштери 29-июнда саат 8:00 дө аяктайт.

Аталган бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо 8-июнда аяктады. Шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинен 2 аял.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга ниетин билдирип, 44 талапкер катышкан, анын арасынан 12 талапкер катышуудан баш тартты, үч талапкерге каттоодон баш тартылды.  

 №5 Ноокат шайлоо округу боюнча, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча жана Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты