Чүйдө арматура чыгаруучу завод ишке кирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Чүй облусунгы арматура чыгарууга адистешкен «Азия Сталь» компаниясына барды.

Бул компания Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен ишке кирген.

 «Азия Сталь» ЖЧК биргелешкен ишканасы кыргыз ишкерлери менен индиялык Doshi Technologies Pvt. Ltd компаниясынын катышуусунда түзүлгөн жана РКӨФ колдоосу менен 2021-жылдын июнунда заводду модернизациялоо жана кайра жабдуу иштери башталган.

Модернизациялоонун биринчи этабында «Азия Сталь»  кубаттуулугу айына 3 миң тоннага чейин продукцияга даярдалган индукциялык мештин базасында болот эритүүчү цехтин курулушун аяктады, ал арматура заводун сырье менен камсыз кылат.

Болот эритүүчү цехтин ишке киргизилиши ишкананын импорттук сырьёдон көз карандылыгын жойду жана арматуранын өздүк наркын бир кыйла арзандатты. Завод СНиПтин бардык талаптарын жана санитардык-экологиялык нормаларды сактоо менен курулган.

Модернизациялоонун экинчи этабында чет элдик инвестор —  индиялык Doshi Technologies Pvt. Ltd компаниясы өндүрүштүк кубаттуулугу айына 15 миң тонна продукцияга чейин жеткен меши менен болот куюучу заводун куруп, ишке киргизет. Темир эритүүчү заводдун курулушун аяктоо 2023-жылга белгиленген.

Биринчи этапта бул заводдун ишке кириши Кыргызстандын арматурага болгон муктаждыгын 10%га чейин жергиликтүү өндүрүштүн эсебинен жабат. Ал эми долбоордун экинчи этабында Кыргыз Республикасынын арматурага болгон муктаждыгынын 60%га чейинкисин жергиликтүү өндүрүштүн эсебинен жабууга болот.

Арматураларды чыгаруучу заводдун ишке киргизилиши курулуш материалдарынын — арматуранын өздүк наркынын импорттук арматурага салыштырмалуу 10%га чейин төмөндөшүнө шарт түзөт.

Ушул эле жерде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков РКӨФтүн 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, өткөн жылы Фонд тарабынан өндүрүш, агроөнөр жай комплекси, байланыш жана IT, транспорт, логистика, туризм жана башка тармактардагы 333 долбоор 44,2 млн АКШ долларына каржыланган.

Президент бүгүн, 15-февралда, Чүй облусун кыдырып жүрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты