Centerra Gold Inc. компаниясы “Кумтөрдөн” баш тартпаганын билдирди

  • 2 года мурун

 

Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапароадун “Кумтөр” кенине байланыштуу жасаган билдирүүсүнө жообун жарыялады.    

“Биз маалыматтык билдирүүдө так айтканыбыздай,  “Кумтөр” Centerra Gold Inc компаниясына толук караштуу туунду компания боюнча кала берет. Мындан ары Кыргызстан өкмөтүнүн “Кумтөр ”кенин мыйзамсыз тартып алуусу боюнча жоопкерчилиги тууралуу биз юридикалык кадамдарды жасай беребих. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе жок, болгону ал 2021-жылдын 10-августундагы кендеги биздин балансыбыздагы бизнес операциянын токтогондугун камтыган кулактандырууну чагылдырат” деп айтылат «Центерра» компаниясынын билдирүүсүндө.     

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр” кени боюнча билдирүү жасап, анда Centerra Gold Inc. компаниясы “Кумтөр” кени аларга таандык эмес экенин расмий билдиргенин айтты.

“19-ноябрда кечинде канадалык убакыт боюнча биржа соодасы аяктагандан кийин  Centerra Gold Inc. кыргыз элинин улуттук байлыгы болгон “Кумтөр” кени аларга таандык эмес экенин моюнга алуу чечимин кабыл алды. Алар балансынан 926 млн долларды жоюуга мажбур болуп, “Кумтөр” кенине көзөмөл жүргүзбөй турган фактыны чагылдырышты. Бул чечимге  Centerra Gold Inc.  Онтарио ( Канада) провинциясынын баалуу кагаздар комиссиясынын талабы менен келди” деп билдирген Акылбек Жапаров.  

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия «Центерра Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган.

14-майда «Кумтөр» кенине сырттан башкаруу киргизилип, 18-майда Тенгиз Бөлтүрүк сырттан башкаруучу катары «Кумтөр» ишканасынын жамаатына тааныштырылган.

Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип жатат.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту «Центерра Голдду» Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд» компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты